Марал Радиосу

Азис Абакиров Мамкаттоонун жетекчилеринин иши боюнча президентке кайрылды

Президенттин алдындагы Санариптик трансформация боюнча кеңештин мүчөсү Азис Абакиров Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин камалышы боюнча мамлекет башчыга кайрылды. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

Катта камалган жарандардын укугу, Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам бузулуп жаткандыгы айтылган. Укук коргоо органдары жана соттор тендерге катышкан бир тараптын кызыкчылыгын коргоп жатканын, конкурстун жыйынтыгы менен келишим түзүлө электе иш козголгон факты тарыхта биринчи жолу болуп жатканын кошумчалаган.

— «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев – маалыматтык технология тармагында мыкты адис. Анын жетекчилигинде биометрикалык маалыматтар чогултулуп, электрондук шайлоо өтүп, электрондук сатып алуу ишке кирген. Онлайн казына, ачык бюджет, «Коопсуз шаар» долбоору түзүлдү. Тилекке каршы, Талант азыр сиздин тарабыңызда эмес, урматтуу Президент!

Мындай башаламандыктан соң, Абакиров да Президенттин алдындагы Санариптик трансформация боюнча эксперттик кеңештен чыгуу чечимин кабыл алганын жарыялады. Ошондой эле Кыргызстандын санариптешүү тармагы кыйын абалда калганын да эскерткен.

УКМК Мамкаттоо жетекчилеринин камалуу себебин түшүндүрдү