Марал Радиосу

КАНТИП ЖАРДАМ КЫЛАМ?

Бул дүйнө адамдарын бир гана өлүм ойго салат… Бир гана өлүм коркутат… Бир гана өлүм ойлонтот… Бирок ал да убактылуу гана! Биз, адамдар кайрадан мемиреген уйкуга кетебиз. Анан өлүм кайрадан каалгабызды какканда ойгонуп, бир аз убакыттан кийин кайра мемиреген уйкуга сиӊип, дүйнө иштеринин артынан кууп жөнөйбүз. Ойгонуу — бул, таӊдагы жаздыктан башыӊдын көтөрүлүүсү эмес, ойгонуу — бул, чыныгы жашоо, Жараткан сага буюрган табияттын мыйзамынан чыкпоо. Адам — бул ааламдын эрке баласы. Баары ага жардам берет, ал эми адам  кимге жардам бериш керек?..

— Өмүр менен өлүм ортосундагы биздин чыйыр жолубуз толгон-токой дүйнө менен курчалган. Адам баласы өмүрдүн жалган жалтырактары менен алек болуп жүрүп, чыныгы жупуну асылдыкты унутуп калышат, — деген Ыйык китептердеги жазуулар көз алдыма келди. Мен да көр тирилик менен алек болуп, кечээги ооруларды, кечээги мени ойлонткон өлүмдөрдү унутуп калганымды кара…

Жаш келин маӊдайымда ыйлап олтурду. Ал кайын атасынын өлүм тооруган мүнөттөрүнө кайгырды.

– Мен кайын атамды абдан сыйлайм, ал жакшы адам. Оору өтүшүп кетиптир, ашказанын толук алып салуу керектигин айтышты дарыгерлер. Ошону билгенден бери, «Атама кантип жардам берсем?» — деп чебелектейм. Алдына мурун бир төшөк салсам, азыр үч төшөк салып бергим келет, мурун жөн-жай баарлашып чай берсем, азыр кайын атам үчүн эң даамдуу тамактарды жасап, узакка сүйлөшүп, жакшы сөздөрдү айткым келет. Көӊүлүн көтөргүм келет. Бирок ошол эле саам кыймыл-аракетимден бирдемени шекшип калбасын деп алдастайм. Билесизби, ал абдан жакшы адам. Мүмкүн атамдын аз гана күнү калгандыр?..

Чын дилинен кайгырганы жүзүнөн билинген жаш келиндин жанынан үнсүз гана узадым. Анан ошол арада «А БИЗДИН КӨП КҮНҮБҮЗ БАРБЫ? Сөзсүз өлөөрүн билгенде эле үч кабат төшөк салып, даамдуу тамак жасап, жакшы сөз айтышыбыз керекпи жакындарга?» — деген суроо мээмде айланып турду. Мен да кайын атамды жакшы көргөн, бирок сыйлап, чай берүүгө үлгүрө албай калган кыргыз келинимин. Жакшы адам баардык жерде жакшы, жакшы адам жакшы келин, жакшы кайын ата, жакшы конок, жакшы жолоочу, жакшы жардамчы, жакшы кошуна, жакшы дос дегендей, бардык жерде жакшы боюнча калганы үчүн жакшы. Жакшы адамды жоготкуӊ келбегени ушундандыр.

Ал эми жакшы адамдын эӊ негизги артыкчылыгы — өзүнө ыраа көргөн жакшылыгын башка менен бөлүшкөнүндө, башкага чын жүрөктөн жардамдаша алганында экенин акылдуу мугалимдеримден укканым бар. А бул жашоо ЖАРДАМДАШУУ менен дагы көркүнө чыга турчу керемет аалам эмеспи. Жаш келиндин жардам бергиси келгени мени ушундай ойлорго түрттү.

Ээй, мекендешим, сыртты караӊыз! Бизди курчаган ар бир нерсе өз тилинде ЖАРДАМДАШ, ЖАРДАМДАШ деген сыяктуу. Жаз келди. Күн жылыды, жердин жылуусуна жардам берди. Жер жылып кучагына мөмө-чөмөнүн уруктарын өстүрүп, адамдарга, көк майсаӊ чөптөрдү өстүрүп жан-жаныбарга, жаныбарлар сүтү, эти, күчү менен кайрадан адамдарга жардам берген жокпу?  А биз, адамдар бул арада кимге жардам бердик?.. Жараткан тил, кол, жүрөк деген органдарды бизге бекерге берген. Кыргыз «Бекердин тузу татыбайт» деп коёт. Эгер биз тилибиз, көзүбүз, жүрөгүбүз үчүн акча төлөгөн болсок, аны жакшы пайдаланмак элек.

Кыргыз жардамдашып жашаган эл. «Табагың болбосо да, кабагың болсун», «Байлыгыӊ досуӊ эмес, досуӊ байлагыӊ», «100 сомуӊ болгончо, 100 досуӊ болсун», «Сени аяган адам эмес, сага жардам берген адам дос», «Көп түкүрсө көл болот», «Оюу ачыктын колу ачык, колу ачыктын жолу ачык», «Ырыс алды — ынтымак», «Жалгыз дарак токой болбойт», «Эл менен сен бийиксиӊ, элден чыксаӊ кийиксиӊ», «Жакшы таап сүйлөйт, жаман каап сүйлөйт», «Киши болор кишинин, киши менен иши бар» деген кулакка өтө тааныш ушул сөздөргө дагы бир сыйра баам салбайлыбы? Турмуш элегинен өтүп, ата-бабалардын жолго салып, киши кылып келе жаткан улут баалуулуктарына кайтпайлыбы?

Бири- бирибизге ЖАРДАМДАШПАЙЛЫБЫ?..

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version