Марал Радиосу

Байпакбаев: Кыргызстан аткезчилик менен келген унду жеп жатат

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 500 миӊ тоннадан ашуун ун аткезчилик жол менен ташылып келүүдө. Мындай маалыматты депутат Экмат Байбакпаев Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

Депутат келтирген мисалга ылайык, 2014-жылы ундун расмий импорт көлөмү 460 миӊ тонна болсо, 2018-жылы 78 миӊ тонна болгон.

«Акыркы мезгилде ун өндүрүү 3 эсе азайды, ал эми расмий импорттун көлөмү мурдагы бойдон калууда. Азыр ун өндүрүү тармагында иштеген 3 миӊден ашуун жараныбыз жумушсуз калды. Муну токтотпосо болбойт. Өкмөт өзүнүн өндүрүшүнө мындай мамиле жасаганы жакшылыкка алып келбейт. Тегирмендерден бюджетке каражат түшпөй калды, салыкчылар акча таппай жүрүшөт. Контрабандалык ундун 80 %ы Казакстандан ташылып кирүүдө. Демек, биз өзүбүздүн эмес, казак экономикасын колдоп жатабыз. Чек араны тартипке келтирип, ата мекендик ун өндүрүүнү жолго салсак, мамлекеттик бюджетке миллиарддаган каражат түшмөк», — деди депутат.