Марал Радиосу

Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө 203 лицензия берилди

2019-жылдын I кварталында алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө 203 лицензия берилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле бекитилген лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн «Голд Вайн Алкоплюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясы убактылуу токтотулду.

Алкоголдук тармакта 45 ɵндүрүштүк мекеме иш жүргүзөт, анын ичинен 5 спирт заводу, 6 арак заводу, 15 сыра жана 19 вино чыгарган ишкана бар.

«Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жөнүндө» декларациялар боюнча 2019˗жылдын  январь-март айларында алкоголдук тармакта ɵндүрүштүк мекемелерге берилген план 633,24 миң декалитрди, ал эми накталай ɵндүрүмү 877,4 миң декалитрди түздү. Пландын аткарылышы 138,56 %, айырмасы (+) 244,16 миң декалитр.