Биз менен байланышыңыз

2018-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан 3 млн. 758 миң 300 сом түштү

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 497 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан 3 млн. 758 миң 300 сом түшкөн, бул 2017-жылдан 1 млн. 40 миң 800 сомго көп. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун ачык-айкындыгын арттыруу жана таза атаандаштыкты камсыздоо максатында Өкмөт мамлекеттик мүлктү башкаруу системасында электрондук соода аянты аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун ийгиликтүү ишке киргизди.

2018-жылдын 10-октябрынан баштап Өкмөт «etp.okmot.kg» порталы аркылуу мамлекеттик менчикти ижарага берүү келишимдерин түзүү укугуна электрондук аукциондорду өткөрүүгө киришти. 2018-жылы электрондук соода аянты аркылуу 90 аукцион өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM