Марал Радиосу

1782 кыргызстандык чет өлкөнүн түрмөлөрүндө отурат

1782 кыргызстандык жаран ар кайсы чет өлкөнүн камагында жаза өтөөдө. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты. Ана ылайык, Орусияда 1453, Казакстанда 212, Тажикстанда 34, Өзбекстанда 19, Кытайда 18, Германияда 14, Түркияда 8 жаран камакта отурат.

— Быйыл 124 кыргызстандык жаран өлкөгө экстрадицияланды.

Кошумчалай кетсек, 17-апрелде Башкы прокуратура Жогорку Кеңеште отчёт берип жатат.

Exit mobile version