Марал Радиосу

Ош шаарына чет өлкөлүк өнөрпоздор келе баштады

«Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу эл аралык салтанатка чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ Ош шаарына Түркия, Казакстан, Македония, Сербия мамлекеттеринен, ошондой эле Бишкек шаарынан өнөрпоздор келген. 20-апрелге чейин Азербайжан, Өзбекстан, Башкыртстан, Тыва мамлекеттеринен чыгармачыл топтор жана расмий коноктордун келери күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде «Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын алкагында «Түрк дүйнөсүнүн этномаданият фестивалы» өтөт.