Марал Радиосу

«Тендерде жеңүүчү компания мыйзам чегинде тандалган»

Кыргызстандын Коррупцияга каршы кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова «Марал» радиосуна берген маегинде  Е-бланкаларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузуу болбогонун белгиледи.

Анын айтымында, биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөн тендерде жеңүүчү компания мыйзам чегинде тандалган.

«Мамлекеттик сатып алуулар парталында сынактык документтердин баары илинип турат. Тендердин документтери бар.  Мамлекеттик каттоо кызматы сынакка түшкөн арыздарга баа берет. Мекеме паспорттун талаптарын жазып, аны жасай алган  тажрыйбалуу компанияны тандаган. Көз карандысыз комиссия француз компаниясынын даттануусун негизсиз деп тапкан. Ал эми немис ишканасынын даттануусун башка курам караган», — дейт Муканова.

Ал көз карандысыз комиссияга өтүп жаткан тендерлер боюнча маалымат жетиштүү экенин айтты.

«Тендердик комиссия ар дайым өзүнө жоопкерчилик алат. Депутаттар Е-бланкаларды сатып алуу боюнча өткөн тендерди карап чыгып, мыйзам бузуу бар же жок экенин так айтышы керек. Анткени, мыйзамды депутаттар жазып жатат. Ал эми паспорт жасоону  мамлекеттик өнөктөштүк менен өткөргөндө жакшы болмок. Бюджетке да пайда түшмөк. Биз электрондук паспортту киргизбесек,  жарандар чет мамлекеттерге уча албай калат. Бул дүйнөлүк талап болуп жатат», — дейт Муканова.

Эске салсак, 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып, алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү табылган.

Бул факт боюнча  Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы үч адам УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.