Марал Радиосу

Москвадагы кооптуу делген метробекеттер

Москвадагы «Комсомольская», «Таганская», «Киевская», «Павелецкая» жана «Белорусская» метро бекеттери эң кооптуу деп табылды. Бул тууралуу Москва метросундагы Ички иштер кызматына таянып, «Известия» басылмасы жазып чыкты.

Аталган станциялар эл көп каттаган линия болуп саналат. Ал жактагы кылмыштын көптүгүн элдин жыш болушу жана вокзалдарга жакын жайгашканы менен байланыштырышат.

Катталган кылмыштардын көпчүлүгү уурулук болууда. Бекеттерде күзөт күчөтүлүп, камералар коюлган. 2014-жылга салыштырмалуу мындай көрүнүш эки эсеге кыскарган. Бирок, бул жол акча табууга ыңгайлуу болгондуктан, дагы деле кайталанып жатканын билдирген. Андан сырткары, бекеттерди колдонгон жүргүнчүлөргө сак болуусун эскерткен.