Марал Радиосу

Ишкерликти тейлөө борборлорун түзүү боюнча долбоор иштелип чыкты

Ишкерликти тейлөө борборлорун түзүү боюнча Концепциянын долбоору иштелип чыкты, Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү, Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жактарды онлайн-каттоо тесттик режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

«Республикада ишкерлик субъекттеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды чечүү механизмдерин киргизүү максаттарында Өкмөт айрым мыйзам актыларына — «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы третей соттору жөнүндө», «Медиациялар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты», — деди Замирбек Аскаров.

Ал белгилегендей, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процесстеринде мөөнөттөрдү кыскартуу максатында Өкмөт тарабынан «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты жана жаңы редакциясынын долбоору биринчи окууда жактырылды.

Өнөр жай ишканаларына инвестицияларды өбөлгөлөө максатында Салык Кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344-беренелерине ылайык, «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» өкмөттүн токтом долбоору иштелип чыккан.

Тизмеге өнөр жай ишмердүүлүгүнүн төмөнкү багыттары кирген:

— өнөр жай өндүрүшүнүн инновациялык технологияларга негизделген бардык түрлөрү;

— жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

— электр энергетикасы;

— айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;

— жыйым өнөр жайы;

— ар кандай экспортко багытталган өндүрүш;

Ишканалар долбоорго ылайык, 5 жылга чейин мүлк салыгы, жер салыгы, киреше салыгы, сатык салыгынан бошотулат.