Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Германиянын прогрессивдүү жетишкендиктерин үйрөнүүгө кызыктарбыз

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 489 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Германияга болгон расмий визитинин алкагында Ханс Зайдель атындагы фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы фонддун төрайымы Урсула Меннле менен жолугушуп, демократиялык баалуулуктар жана адам укуктары тууралуу маектешти.

Урсула Меннле айым Кыргызстанда фонддун бүтүрүүчүлөрүнүн көп экенине таң калганын белгилеп, кыргызстандыктардын меймандостугу, эң сонун жаратылышы жана жазуучу Чыңгыз Айтматов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө кеп салды.

«Европа Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан реформаларга жардам бериши керек», — деди Урсула Мэннле.

Сооронбай Жээнбеков жарым кылымдык тарыхы бар фондго Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирди. 2002-жылдан тартып, фонддун каржылоосунда Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышкан.

Мамлекет башчысынын айтымында, коопсуздук жана демократия адамдын, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү үчүн табигый жана зарыл шарттар. Ал ошондой эле демократия биздин өлкөбүз үчүн куру сөз эмес экенин белгиледи.

«Кыргызстан коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык активдүү өзгөрүүлөр жолунда баратат. Экономикалык жактан өнүккөн жана парламенттик демократиясы бар укуктук мамлекетти куруу — биздин негизги багытыбыз. Биз үчүн коопсуздук, демократия жана өнүгүү эң башкы баалуулуктар болуп саналат», — деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, келишимге кол коюу күтүлүп жатканын, жаңы келишим европалык өнөктөштөр менен өз ара мамилелердин бүт спектрин өнүктүрүүгө түрткү боло турганын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен тышкы соодасынын туруктуу өнүгүшүнө бир катар факторлор кедерги болуп жатканына токтолду.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Германия ортосунда гуманитардык чөйрөдө биргелешип аракеттенүүнү илгерилетүү, кыргыз-герман мамилелеринин дагы бир маанилүү бөлүгү болуп саналарын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Германиянын прогрессивдүү жетишкендиктерин үйрөнүүгө жана ар кыл чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууну жөнгө салууга кызыкдар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM