Марал Радиосу

Бишкекте батирлер арзандады

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлктүн баасын анализдөө бөлүмүнөн билдиришти. Кыймылсыз мүлк рыногундагы мындай абалды серепчилер курулуш тармагындагы атаандаштык менен баалашууда. Бирок, курулуш тармагынын адистери бул божомолдорго кошула беришпейт.

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөгөнү байкалууда. Мисалы, март айында батирлердин чарчы метри 3,9 %га төмөндөгөн. Ал эми март айында чарчы метри 744 долларга бааланган батирлер апрелдин алгачкы он күндүгүндө 735 долларга чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлктүн баасын анализдөө бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев кабарлады.

— 2019-жылдын биринчи айларына караганда нарк төмөндөдү. Март айында 3,9 %га арзандаган. Былтыркыга салыштырмалуу да бир кыйла төмөн сатылууда. Мисалы, сом менен баалаганда үйлөрдүн чарчы метри 11,8 %га, доллар менен эсептегенде 13,8 %га арзандады. 2018-жылы мартта орточо баасы 63 миң доллар болсо, азыр алардын баасы 56 миң долларга чейин түшкөн.  

Бирок, жер тамдын баасы Бишкекте арзандаганы менен, облус борборлорунда кымбаттап кеткен.

— Бишкекке караганда, облус борборлорунда баалар өстү. Таласта жер тамдын чарчы метри 33,6 %га, Нарында 19,2 %га, Жалал-Абадда 21,4%, Караколдо 7,45 %га кымбаттады.

Экономисттердин баамында, кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын мындай арзандоосу күтүлгөн жагдай. Экономист Искендер Шаршеевдин билдиришинче, курулуш тармагында атаандаштык соңку жылдарда күч алып, жаңы курулган үйлөрдүн саны да кескин көбөйгөн. «Курулуш компаниялары сатуу максатында аргасыз арзандатууга бара тургандыгы буга чейин эле күтүлгөн божомол болчу»,- дейт.

— Азыр курулуш компаниялары көбөйдү. Жыл сайын 1,5 млн. чарчы метрге үйлөр курулуп жатат. Демек, кыймылсыз мүлк көбөйдү. Мунун негизинде атаандаштык да күч алды. Ошондуктан, арзандап жатат.

Деген менен курулуш тармагындагы ишкерлер үйлөрдүн баасы арзандады дегенге анчейин кошула беришпейт. Анткени, ар бир компания кетирген чыгымына, үйлөрдүн жайгашкан аймагына жараша баасын коет. Ошого ылайык, ар биринин ички шарттары болот. «Баалардын төмөндөп, же көтөрүлгөнүн саналуу компаниялардын койгон наркына карап чечим чыгаруу туура эмес», — дейт ишкер Адисбек Шекенов. Анткени, курулуш материалдары арзандабай, тескерисинче кымбаттаганы байкалган.

— Буга чейин 2015-2017-жылдары кризиске байланыштуу бир топ имараттын курулушу токтоп калган. Ошолор эми бүткөрүлүп, азыр сунуш көбөйдү. Ошондуктан, айрым бир компаниялар өздөрүнүн ички шарттарына байланыштуу жеңилдетүүлөрдү, арзандатууларды жасап жатышы мүмкүн. Аларды карап, жапырт арзандап жатат дегенге болбойт. Анын үстүнө азыркы тапта курулуш материалдары кыйла кымбаттап жаткан кези. Алар кымбаттаса, демек батирлер да кымбаттайт.

Маалыматка ылайык, учурда 104- 105- 308-сериядагы толук бүткөн үйлөрдүн чарчы метри — 735 доллар, ал эми ички жасалгасы сатып алган адамдын өз эркине коюлган батирлердин баасы орточо эсеп менен 717 доллар турат.