Марал Радиосу

«Парламет күчтүү болсо, өкмөт да, президент да күчтүү болот»

Парламет күчтүү болсо, өкмөт да, президент да күчтүү болот. Мындай пикирин экс-премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын сапаты өзгөргөндө, аймактардан тандалып шайланганда, чарбалык иштерге аралашпай көзөмөл функциясын күчөткөндө,  акчага эмес, тартип, жоопкерчиликке басым жасалганда парламент күчтүү болот.

«Парламентке бара тургандардын ортосунда дебат уюштурлса жакшы болмок. Эл кимди шайлап жатканын көрүп таанышы зарыл. Күчтүү депутаттар келсе, көзөмөл күчөйт. Анын арты менен бийликтин эффективдүүлүгү күчөйт. Буга кошумча, күчтүү оппозиция керек», — дейт Сариев.