Марал Радиосу

18-19-апрель Чүй облустук театрында «Машырбек үйлөнөт»

18-19 апрель күндөрү Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры Токтоболот Абдымомуновдун «Машырбек үйлөнөт» аттуу комедиясын сахнага алып чыгат.

Бул тууралуу  кабарлаган жазуучу Абибилла Пазыловдун айтымында, «Машырбек үйлөнөт» комедиясы жамааттын 2019-жылдагы алгачкы эмгеги.