Биз менен байланышыңыз

Темир Сариев: Кыргызстанда үчүнчү күч жок

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 1361 | 2

«Кыргызстанда үчүнчү күч жок». Мындай пикирин мурунку премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна маек берип жатып айтты.

Ал саясатчы Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келүүдөн баш тартуусуна үчүнчү күчтөрдүн чагымчылык уюштуруп жиберүү коркунучу себеп болгону тууралуу суроого жооп берип жатып, үчүнчү күч дегенге ишенбейм деди.

— Үчүнчү күч жок. 2005-жылдагы март окуясын, 2010-жылы Апрель революциясын сырткы күчтөр эмес, өзүбүздүн эле элибиз, кыргыздын улан-кыздары кылган. Азыр дагы жакшысын да, жаманын да өзүбүз кылабыз. Үчүнчү күчтөргө шылтап коюу – бул, элин сыйлабастыкка жатат.

Буга чейин «Республика» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келерде аны тосуп алууда он миңдеген адам митингге чыгууну пландаган. Бирок тынчтык митингине үчүнчү күчтөр аралашып, чагымчылык уюштуруп жибериши мүмкүн деген кооптонуу болуп, элдин тынчтыгы үчүн мекенине келүүдөн баш тарткан.

Коомчулукта үчүнчү күчтөр ким экендигине баш катыргандар көп, социалдык тармакта да кызуу талкуу болууда.

2 пикир

2 пикир

  1. Гулу

    15.04.2019 17:17

    3 эмес бизде коптогоон кучтор бар ар кайсы депутат министир партия озунун очокторуна кул тартат элди ойлогондор 5.5 эле.Садыр Жапаровко окшогондорду камап кутуласынар.

  2. Pingback: Мамасалиев жаш саясатчыларды үчүнчү күч түзүүгө чакырды – ТЕЗКАБАР

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM