Марал Радиосу

АКШда кар көчкүдөн улам миңдеген авиакаттам токтотулду

Чикаго шаарында кар аралаш бороондун айынан миңдеген авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу CBS маалымат булагы кабарлаган.

Чикагону кар көчкү каптагандыктан, О’Хара жана Мидуэй аба кызматтары 932 жана 139 каттамды кийинкиге жылдырууга мажбур болушкан.

Мындай абал көптөн бери болбогонун, жарым кылым ичиндеги апрель айынын эң көп кар баскан күндөрү экени айтылат. Чикаго шаарында акыркы жолу апрель айындагы мындай аба ырайы 1961-жылы катталган.