Биз менен байланышыңыз

Орозо жакындады. Кантип даярданабыз?

Блог | 16 Апр 2019 | 3735 | 1

Берекелүү Рамазанга саналуу күндөр калды. Убакыттын тез өтүп жатканы таң калтырат! Бул керемет күндөрдү жана түндөрдү пайдалуу өткөрүү үчүн алдын ала даярданганыңыз оң. Жоопкерчиликтүү айдоочу маанилүү жүрүшкө чыгып жатып, унаасынын кыймылдаткычын текшерип, майын алмаштырып, дөңгөлөгүн үйлөтүп даярдаган сыяктуу эле, мусулмандар да Рамазан айынын ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык күчүн жумшайт.

Эмесе, Рамазан айы башталганга чейин эмне кылуу керек?

Орозодо калып калган күндөрдүн ордун толуктоо

Күнүмдүк канааттануулардан баш тартып 29-30 күн чыдоо — ар бир адамдын милдети. Бирок ар кандай шарттарга байланыштуу Ислам динин туткандардын кээ биринин бир нече күндү өткөрүп ийүүсүнө туура келет. Негизинен бул жерде аялзаты, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу дары ичкендер жөнүндө сөз болуп жатат.

Рамазан айында калып калган күндөрдү артка кайтаруу тилекке каршы, мүмкүн эмес, бирок мусулмандар аларды кийинки орозо башталганга чейин толукташы керек. Мындай милдетти себепсиз аткарбай коюу күнөө болуп эсептелет.

Карызды берүүгө ыңгайлуу учур болуп кыш мезгили эсептелет. Бирок, эгерде сиз карызыңыз бар экенин таптакыр эле унутуп калсаңыз, анда бул милдеттен кутулуу үчүн алдыда үч жумаңыз бар. Ооз бекитерде уктап калбаңыз!

Өргүү боюнча келишип алыңыз

Ар бир эле адам күндүн ысыгында оор шарттарда иштеп, ошону менен бирге эле орозо кармай албайт. Ушундан улам, кээ бир мусулмандар орозодон баш тартышат.

Эгерде сиздин жумушуңуз физикалык күчтү талап кылса, демек Рамазан айында өргүүгө чыгуу керек, же бул айдын жок дегенде алгачкы бир-эки жумасына уруксат алганыңыз туура. Мындай суроолорду жетекчилик менен алдын ала пландап алганыңыз жакшы. Орозого бир күн калганда өргүү суроо мүмкүн эмес.

Айта кетчү жагдай, жумушу анча деле күчтү талап кылбаган мусулмандар да, мисалы, иш сапарлардын графигин иштеп чыгуусу зарыл.

Рамазандык меню түзүңүз

Биз дайыма рамазан айы башталарда эстей калабыз: ооз бекитүүгө жана ооз ачууга эмне жасайбыз? Керектүү азыктар муздаткычта бар болду бекен? Жыйынтыгында, адамдар орозонун биринчи күндөрүндө интернеттен туура тамактануу боюнча видеороликтерди жана макалаларды издей башташат. Өзүңүздүн күч-кубатыңызды бул нукка күн мурунтан даярдаңыз! Муздаткычка илип коюу үчүн баракка жазып коюңуз: адистер ооз ачуу учурунда  кандай азык-түлүктөрдү колдонсо болот, суусоону сезбеш үчүн эмне кылуу керектигине кандай сунуштарды айтышат? Бул шпаргалка тамак тандоодо сиздин убактыңызды сарамжалдоого жардам берет. Анткени, сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүзгө кам көрөсүз да?

Өнөкөт ооруларга жол жок!

Ашказан ооруп жатабы? Бөйрөктөрбү? Баш оору кыйнап жатабы? Тишиңизди дарылатып жаттыңыз беле? Мунун бардыгына жана башка көйгөйлөргө орозо келгенге чейин кам көрүү маанилүү. Албетте, мүмкүнчүлүккө жараша.

Эгерде суу ичпөө, тамактанбоо ден соолукка терс таасирин берсе, же дары ичип жаткан болсо, мындай учурда адам өзүнө зыян келтирип орозо кармоого болбойт, т. а. оорулуу мусулмандын бул парздан бошошуна шарият уруксат берет.

Көпчүлүк учурда айрым оорулар орозонун шарапаты менен айыгып кетерин да билебиз. Мындан тышкары, Рамазан айында орозо кармоонун өзү айыктыруучу касиетке ээ экендиги тажрыйба катары далилденгенин эстен чыгарбоо керек.

Орозо кан басымды азайтууга жардам берет, организмден уулуу заттарды жана токсиндерди айдап чыгат, жарадан жана гастриттен айыгууга алып келген ашказан кычкылдыгын калыбына келтирет (мындай учурлар кездешкен).

Сизге орозо кармаганга болобу же болбойбу, бул тууралуу максималдуу түрдө ишеничте болуш үчүн доктурга кайрылуу туура чечим. Рамазанга даярданууда ден соолугумду чыңдайм деген ишенич да кошо жүрүшү керек. Жок дегенде тиш оорусунан арылууга болот.

Куран окууну үйрөнүү

Сиз «Ушул убакка чейин араб алфавитинин бир да тамгасын билбейм!» — деп өзүңүздү жемелеп жатасызбы? Рамазан — Ыйык китепти үйрөнүүгө ылайыктуу учур. Анткени, шайтандар чынжырга байланып, алаксыта албай калат. Мында сөз «Куранды» окууга болгон умтулуу жөнүндө болуп жатат. Азыр жасай турчу ишти эртеңкиге калтыруудан баш тартыңыз.

Жадагалса, «Курандын» бир тамгасын окуп койгон мусулман үчүн Жараткандан сыйлык убада кылынган. Орозодо ар бир жасалган жакшылык үчүн сыйлык 27 эсеге көбөйөт. «Куранды» талыкпай окуган адам Алла Тааладан канчалаган ырайым алат? Жалкоолукту таштап, мусулмандардын негизги китеби болгон «Куранды» окуй баштаңыз. Баштагандан коркпоңуз, ошондо сиз Жараткандын ыктыяры менен кирип келе жаткан орозодо ийгиликке жетишкендердин катарына кошуласыз. Эгерде сиз тажрыйбалуу окурман болсоңуз, анда орозого даярдыкты «Курандын» жаңы бөлүмдөрү менен таанышуудан баштаңыз. Ошондо сиз эс тутумуңузду гана өнүктүрбөстөн, таравих жана тахажуд учурунда окуй турчу сүрөлөрдү да толуктайсыз.

Күтүү жана Рамазанды балдарыңыз менен бирге өткөрүү

Рамазан – ар бир мусулман үчүн өзгөчө ай. Бул жөнүндө түшүнүктү балдарыңызга да үйрөтүңүз. Бала ата-энеси бул күндөрдү абдан күткөндүгүн жана аны ыйык туткандыктарын көрүшү керек. Ойлоп тапкыч ата-энелер бул ай үчүн эчак эле атайын өнүктүрүүчү жана билим берүүчү оюндарды таап коюшкан. Ата-энелери менен биргеликте жаш мусулмандар ар бир күндү кайрымдуу иштер менен толукташат. Кызыктуу эскертүүлөрдү даярдашат, орозонун тапшырмаларына катышышат. Ошондой эле «орозо багын» «барак жалбырактар» менен кооздоп орозо күндөрүн санашат.

Толук бир айга оюн ойлоп табуу анча оор эмес, бирок ал ойлонууну жана эргүүнү талап кылат. Бул үчүн үч жума жетиштүү. Рамазан айы балаңыз үчүн кубаныч менен башталсын!

Айта кетчү жагдай, орозого канча күн калганын эсептеп, азыртадан эле ойной баштаңыз. Сиздин балаңыз жылнаамадагы күндөрдү орозого канча калганын эсептеп чийип турса болот.

Кошумча тамактануулардан баш тартыңыз

Рамазан айынын башталышына саналуу күндөр калганда үч маал гана тамактанып, алардын ортосунда шам-шум этип алганды токтотууга өзүңүздү көндүрүңүз, анткени Рамазанда сизде эки жолу гана тамактанууга мүмкүнчүлүк болот: ооз бекитерде, анан ооз ачарда. Ошондо сиз бир жолку тамактануудан баш тартып каласыз. Орозого даярданам деп ач көздүк кылып бир айлык тамакты бир жеп албаңыз. Бул тескерисинче, сиздин табитиңизди арттырат да, орозо кармооңузду оорлотот.

Кофеинди колдонууну азайтыңыз

Эгерде сиз кофени жакшы көрсөңүз жана Рамазан айынын биринчи күндөрүндө баш оорудан кыйналганды каалабасаңыз, анда азыртадан баштап кофеинди аз пайдаланыңыз. Кофеини жок кофеге өтүңүз, андан кийин аны рационуңуздан таптакыр эле чийип салыңыз.

Рамазан айыңыз берекелүү болсун, орозоңузду Жараткан кабыл кылсын, туткан орозоңуз жүрөктөрдүн Кудайдан коркуу сезими жана нур менен толукталышына себеп болсун!

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM