Марал Радиосу

УКМК: Антитеррордук борборго жаңы жетекчи дайындалды

Мирлан Тургунбеков  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

 Мирлан Тургунбеков 1977-жылы 3-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

2000-жылдан баштап Улуттук коопсуздук кызматынын ар түрдүү кызматтарында эмгектенген. Буга чейин Ош шаарынын жана Ош облусунун бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.