Марал Радиосу

Польшда ааламдагы эң терең бассейн ачылат

Польшанын Мщонув шаарында дүйнөдөгү эң терең бассейн ачылат.

Deepspot деп аталган бассейн кесипкөй жана үйрөнчүк аквалангист, фридайверлердин машыгуусу үчүн арналат.

45 метр тереңдиктеги бассейн 8 миң куб метр суу куюлат. Бул деген кадимки 25 метрлик бассейнден 27 эсе көп. Анда ошондой эле көз сала турган тоннелдери да болот. Комплексте ошондой эле бассейн көрүнүп турган конференц-залы жана мейманканасы болот.

Бассейндын ачылышы 2019-жылдын күз айларына пландалган.

Азырынча дүйнөдөгү эң терең бассейн статусуна Италиянын Монтегротто-Терме шаарындагы Y-40 The Deep Joy бассейни ээ. Анын тереңдиги 42 метрди түзөт.