Марал Радиосу

Кепилдик фонддор жөнүндө мыйзамга кол коюлду

????????????????????????????????????

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорун түзүү жана алардын ишмердиги учурунда келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатын көздөйт. Мыйзам өлкөдөгү кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамы күчүн жоготот.

Эске сала кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.