Марал Радиосу

5-апрелде жоголгон баланы милиция таап ата-энесине карматты

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгыны кызматкерлери бир апта мурда жоголгон баланы таап ата-энесине карматты.

Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Чүй облусунун Плодовое айылынын тургуну 9 жаштагы Никита Касымовдун жоголгондугу тууралуу соцтармактарда 5-апрелде айтылган болчу. Никита Бишкектеги интер-клубдардын биринен табылган.