Марал Радиосу

Рашит Бостонов «Кыргызнефтегаз» ишканасына башчы болуп шайланды

Рашит Бостонов «Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кочкор-Ата шаарында кечээ «Кыргызнефтегаз» ишканасынын акционерлеринин жалпы жыйыны болуп, Рашит Бостонов мекеменин башчысы кызматына дайындалган.

Ал 2017-жылдан бери аталган мекемени башкарып келет.

Exit mobile version