Марал Радиосу

«Бийлик Бабановду колдогон митингге жолтоо болууда»

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишинин урматына «Республика» партиясы 13-апрелде Эски аянтта митинг өткөрөрүн кабарлаган. Бирок мэрия ал күнү эски аянтта премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин иш-чарасы өтөрүн кабарлап, эки иш чараны бир жерде өткөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Бабановдун тарапташтарына митингди Горький гүлбагында өткөрүү сунушун бергендигин маалымдады.

— Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде Эски аянтта иш-чара өтөрү тууралуу кабар берген. Эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Ал эми борбордук аянтта Шаар күнүнө карата ири репитиция болот. Ошондуктан, ал жерге да уруксат бере албайбыз. Биз аларга митингди аянттарга танапташ жайгашкан Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылдык. Эски аянтка өткөрүүгө тыюу салынган.

Саясатчы Өмүрбек Бабановду колдоо митинги Кыргызстандын төрт шаарында өтөрү айтылган. Бишкекке удаа эле, Талас мэриясы да борбордук аянтка митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Кенжебек Бокоев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анын пикиринде, бул аракеттер бийлик тараптан тоскоолдук көрсөтүү максатында болуп жатат.

— Мыйзам боюнча митинг өткөрүп жатканы тууралуу билдирүү гана берилет. Анан ал жерде бир күн калганда «мүмкүн эмес», -дегени туура эмес. Биз билдирүүнү үч күн мурда жөнөткөнбүз. Элдин баарына маалымат таратылган. Бишкекте Cаламаттыкты сактоо министрлиги иш-чара өткөрсө, Таласта болсо «ARIS» компаниясы жайыт комитетине жети мотоцикл берет экен . Аны саат 10 же 11де тапшырса болбойт экен, так 14:00дө тапшырат экен. Менимче, бийлик митинг өткөртпөөнүн бир жолдорун таап жатат.

Жогорку кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматовдун айтымында, бийлик тараптын митингдерге тыюу салуу аракеттери элдин нааразычылыгын күчөтөт.

— Митингдерге тыюу салуу бийликке эч качан пайда алып келген эмес. Малдованын окумуштуулары: «Митигдерге тыйуу салган коомдордо ар дайым чыңалуу болуп, элдин нааразычылыгы күчөйт», — деген жыйынтыкка келишкен. Анткени, митинг өткөрүүгө канчалык тыюу салган сайын элдик толкундоо күч алат. Мындай тарых Кыргызстандын башынан далай өткөн. «Борбордук аянтта парад өтөт, балдардын концерти өтөт, жерге сүрөт тартат», — деген шылтоолор дайым эле болуп келген. Биз мындай шылтоолордун далайын баштан өткөргөнбүз.

Ар бир адам өз ой-пикирин каалаган жерде айтканга, билдиргенге укугу бар. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, бийликтин митинг өткөрүүгө тоскоолдук жасаганы мыйзамга жатпайт.

— Конституция боюнча сөз эркиндигин алганга эч кимдин укугу жок. Ар бир адам өзүнүн ой-пикирин каалган жерде билдиргенге, жүргүзгөнгө укуктуу. Анан «ал жерде өткөр, бул жерде өткөр», — дегени туура эмес. Митинг өткөргөн тарап болгону билдирүү жасап коёт. Өткөрүүгө тыюу салганы мыйзамсыз.

Өмүрбек Бабанов 13 апрелде Кыргызстанга учуп келери тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган. «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидерине карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Аны айыптоого Он-Адырдагы 2017-жылы 28-сентябрда жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон.

Ал Кыргызстандан 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин чыгып кеткен.