Марал Радиосу

Балдардын эл аралык «Тил жана маданият» фестивалы болуп өттү

Бүгүн, 12-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында балдардын эл аралык «Тил жана маданият» фестивалы болуп өттү.

Фестивалды 14 өлкөнүн сахналык көрсөтүүлөрү, 20 өлкөнүн параддан өтүүсү жана улуттук көргөзмөлөр менен коштолду.

Иш-чарага Кембридж Эл аралык мектебинин окуучулары жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр катышты. Ар бир өлкөнүн катышуучусу өз эне тилиндеги ыр же бийлерди улуттук кийимдери менен тартуулашты.

Бул фестиваль Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы жетекчилиги жана Эл аралык Кембридж мектебинин уюштуруусу менен өттү.