Марал Радиосу

НТС рейдерлик жол менен ээленгени айтылууда

НТС телеканалын рейдерлик менен ээлеп алууда жаңы фактылар пайда болду. Бул тууралуу күч органдарындагы булактарга таянып, жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Кылмыш жана Жаза Кодексинин 319-коррупция беренеси боюнча кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестерине алуу үчүн Башкы прокуратурага сотко чейинки материалдар келип түшкөн.

Азыркы НТС аталышын алып жүргөн мурунку «Аянт» ЖЧКсынын активдери рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу фактылар ачыкка чыгууда.

Кошумчалай кетсек, НТС телеканалынын жетекчилиги бүгүн 14:00дө маалымат жыйын курарын кабарлады.