Марал Радиосу

Бирөөнү паспорту менен Москвага учканы жаткан аял кармалды

Ошто башка бирөөнүн паспорту менен учканга аракет кылган 30 жаштагы аял кармалды.

Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык бүгүн, 12-апрелде 1989-жылы туулган Ж. А. аттуу аял Ош-Москва каттамы боюнча учууга аракеттенген. Ош аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда текшерүүдөн өтүп жатып көрсөткөн паспорт өзүнүкү эмес болуп чыккан.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган аял Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.