Марал Радиосу

Курбанбай Искандаровдун кызматтан алынышынын себеби айтылды

Курбанбай Искандаров мамлекеттик кызматтын этикасын бузгандыгы үчүн жумуштан алынды. Мындай маалыматты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Депутат Таабалды Тиллаев Өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча өкүлүнүн кызматтан эмне себептен алынышына кызыкты.

— Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен күнөөсү жок деп иштешип жатам. Эгерде анын да күнөөсү тастыкталса, чара көрөбүз. Искандаровдун мага кабар бербей, башка жакта жүргөнү мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт, — деди премьер-министр.

Депутат бул бир тараптуу чечим экенин эскертип, анда Жеңиш Разаковду да кызматтан четтетип турууну сунуш кылды. Ошондой эле бир сөз менен эле кызматтан алганын да сынга алды.