Биз менен байланышыңыз

«2018-жылы 6 министр кызматтан бошотулган»

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 586 | 0

2018-жылы 6 министр кызматтан алынды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте коалицияга отчёт берип жатып айтты. Аны менен бирге 13 ар кандай ведомствонун жетекчиси жана 13 аким бошотулганын да кошумчалады.

— Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык алсыз жактарын ачыктады. Реформанын жактоочуларын жана ага бут тосуп жаткандарды аныктадык. Өкмөттүн бүгүнкү күндөгү милдети – элдин аткаруу бийлигине болгон ишенимин кайтаруу.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин отчётун угуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM