Марал Радиосу

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчётун карайт

Бүгүн Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция Өкмөттүн отчётун карайт. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин өкмөттүн отчётун Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап жактырган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, Өкмөттүн ишине оң баа берди.