Марал Радиосу

Аль-Холь качкындар лагеринде көз жумган балдардын саны 235ке жетти

Сириялык Аль-Холь качкындар лагеринде көз жумган балдардын саны 235ке жеткендигин согушуп жаткан тараптарды элдештирүүчү Орусиялык борбордун жетекчиси, генерал-майор Виктор Купчишин билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

Аль-Холь лагеринен качып чыккан качкындын маалыматы боюнча, лагерде күн сайын 10дон 20га чейин адам өлүүдө. Алардын көпчүлүгү — жаш балдар.  Акыркы жумада дарылардын, тамак-аштын жана жашоо-шарттын жоктугунан 7 бала чарчап калган. Аль-Холь лагеринде өлгөн балдардын жалпы саны 235 ке жеткен.

Купчишин эл аралык уюмдарды жардам берүүгө жана элдин башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарын жеңилдетүүгө чакырды.