Биз менен байланышыңыз

Үмүт арттырган тышкы сапарлар

Коом | 11 Апр 2019 | 710 | 0

Апрель айынын ортосунда президент Сооронбай Жээнбеков Германияга биринчи жолу расмий сапар менен барат. Анда жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форумга катышмакчы. Ошондой эле ушул айдын аягында өлкө башчы Кытайга да бара турганы айтылды. Эки чоң өлкөгө жасай турган сапарда кандай иштер жөнүндө сөз болот?

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери алгачкы жолу расмий иш сапары менен Германияга барганы жатат. Мамлекет башчынын Германия визити апрель айынын ортосуна белгиленген. Ал эми апрелдин аягына Кытайга да сапар тартканы турат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

— Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасап жаткан иш сапарынын өзгөчөлүгү: биринчи жолу расмий сапар менен аталган мамлекетке барып жатат. Визиттин алкагында Берлин шаарында мамлекет башчы Германия Федеративдүү Республикасынын жогорку жетекчиликтери жана Германиянын президенти, канцлери менен да жолугушат. Кийинки визит өлкө башчы Кытай Эл Республикасынын төрагасынын чакыруусу менен Кытайга апрель айынын аягында учуп кетет.

Серепчилердин айтымында, өлкө башчынын башка мамлекеттерге жасап жаткан иш сапарлары Кыргызстандын өнүгүшүнө жакшы таасирин берет. Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетовдун пикиринде, Кыргызстандын тышкы саясаттагы активдүүлүгү 2015-жылдан 2017-жылдын ноябрь айына чейин өтө солгундап кеткен.

— Бүгүнкү күндө президенттердин башка өлкөгө жасап жаткан иш сапарларынын пайдасы абдан эле жакшы. Дүйнөдө ааламдашуу процесси болгондон кийин, сөзсүз дүйнөлүк каражатты, жаңы технология жана тажрыйба алмашуулар эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин таасирин берет. 2019-жылы өлкөбүздө ШКУ Саммити өткөрүлөт. Демек, мамлекеттин тышкы саясатын бир калыпка салат деген үмүттөбүз.

Ал эми саясат талдоочу Марат Казакбаевдин пикиринде, президенттин Германияга жасап жаткан иш сапары өлкө үчүн Евробиримдиктин саясатына өтүүгө чоң жол ачылат. Эң негизгиси, иш сапардын алкагында сүйлөшүлгөн маселени аткаруу керектигин белгилейт. Казакбаевдин айтымында, дүйнөдөгү мамлекеттер Германия менен сүйлөшүүгө чыккандан кийин, өлкөлөрдүн экономикасы бир топ эле көтөрүлөт.

— Биздин мамлекеттин Германия менен мамилеси жакшы. Евробиримдикте Германия башкарып турарын бардыгы эле билет. Андыктан, кимде-ким аталган мамлекет менен сүйлөшүүгө чыкса, анда алардын Евробиримдикте чоң мүмкүнчүлүктөргө жетишүүсүнө жол ачылат. Президент Сооронбай Жээнбеков жакшы эле жакындап жатат, биз болгону иштешибиз керек.

Жээнбеков Германияга жасай турчу иш сапарынын алкагында ал жактагы мекендештер менен жолугушуусу да күтүлүүдө. Ал эми Кытайга бара турчу визитинде «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы иш-чарага, багбанчылык боюнча «Экспо — 2019» көргөзмөсүнө катышат.

Copyright © 2017 Maral FM