Марал Радиосу

Азирети Муфтий Казакстандагы IV Эл аралык илимий-диний конференцияга катышууда

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстанда өтүп жаткан IV Эл аралык илимий-диний конференцияга катышууда. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Максатбек ажы Токтомушев Нур-Султан шаарында «Руханий Жибек-Жолу, Ислам жана жаштар: Бүгүнкү күндүн чакырыктары» аталышындагы IV Эл аралык илимий-диний конференцияга катышууда.

Конференцияда Азирети Муфтий  Максатбек ажы Токтомушев бүгүнкү күндө жаштар арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү керектигине токтолуп, жаштар эртеңки күндүн келечеги экендигин баса белгиледи.

«Биз жаш муундарыбызга жакшы тарбия берип, аларды ыймандуу, зирек, адептүү жана билимдүү кылып өстүрүшүбүз керек. «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» демекчи, жаштардын билим алууга умтулуусу зарыл. Бул — жаштык кездеги эң бир ыңгайлуу учур»,- деди өз сөзүндө Азирети Муфтий.

Ошондой эле IV Эл аралык илимий-диний конференцияга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Кадыр ажы Маликов, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин, Өзбекстан мамлекетинин Муфтийи  Усмонхон ажы Алимов, Қытай Ислам ассоциациясынын төрагасы Хасан Фа Мин, Монголия мамлекетинин Муфтийи Батырбек Хадыс, Финляндиядагы Ислам ортолугунун төрагасы Голтен Бедретдин баштаган 300 делегат катышып, бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашууда.

Exit mobile version