Марал Радиосу

Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 2,1 млрд сом грант берди

Орусия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында  30 млн. доллар өлчөмүндө (2,1 млрд сом) грант бөлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн кабарына таянып Economist.kg басылмасы билдирди.

Бөлүнгөн грант өлкөнүн бюджетиндеги каржылык чыгымдарды жабууга, социалдык объекттерди курууга, аскердик кызмат өтөөчүлөргө турак жай курууга жана социалдык чөйрөдө иштегендердин айлык акыларын төлөөгө жумшалмакчы.

Грант бөлүү боюнча макулдашууга Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарында кол коюлган. Документке Кыргыз Республикасынын Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана Орусиянын Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак тарабынан кол коюлган.