Марал Радиосу

Жээнбеков: Өкмөт алгылыктуу иштерди жасай алды

Өкмөт бизнеске шарт түзүүдө жана башка тармактарда алгылыктуу иштерди жасай алды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты. Аткаруу бийлиги бул иштерди кыска убакытта жасаганын да эске салды.

— 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы да жаман эмес. Өкмөт жакында Жогорку Кеңешке ийгиликтүү отчёт берет деп ишенем.

Президент мындан тышкары бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча Кыргызстан 5 жылдын ичинде 70-орундан алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылганын жар салды.