Марал Радиосу

Ош шаарынын айрым аймактарында газ токтотулат

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы токтотулат. Бул өчүрүүлөр оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн 11-апрелде Ош шаарынын Карасуу №26-32, Масалиев №2-12, Зайнабидинов №5-17 даректери боюнча жаратылыш газын берүү токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.