Марал Радиосу

Бабановго бийлик менен кызматташуу пайдалуураак

Өмүрбек Бабанов алдыдагы пландары боюнча айтып, эң биринчи планы Кыргызстанга тынч кайтып келүү менен козголгон кылмыш иштерин жабуу экендигин НТС каналына берген маегинде билдирди.

Мындан сырткары, ал айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, IT технология, ошондой эле Сколково менен кызматташуу боюнча жардам берүүгө дайым даяр экендигин билдирди.

— Менин колдоочуларыма тийишпей, аларды куугунтуктабай коюшса, баары жакшы болот деп ойлойм. Жашоодо саясаттан башка бир топ кызыктуу нерселер бар.
Кыргызстанда саясат биринчи орунга чыгып калганы өкүнүчтүү. Экономиканы биринчи орунга алып чыксак болмок, мен буга чейин да айтып келгем, Мекен үчүн жардам берүүгө даярмын. Сколководо Россиянын бюджетинен  млрд. жумшалган, азыркы күндө анда иш баштаган компаниялар жылына  млрд. берип жатат. Биз дагы ошондой кылышыбыз керек, зарыл болсо Сколковонун филиалын ачышыбыз керек.
Кыргызстанда жол маселеси курч болгондой эле, Россияда деле ошол көйгөй бар, бирок бизде эски система менен гана иштеп жатышат. Мен ошол тараптан жардам берүүгө, Билим берүү, Саламаттык сактоо тармагына инвестиция тартып келүүгө бардык күчүмдү жумшаганга даярмын.

Өмүрбек Бабанов маегинде сөзсүз түрдө фонд ача турганын билдирип, фонд жаш компанияларга, мектепти жакшы окуп, жакшы аяктаган жаштарга чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууга жардам бере турганын кошумчалады.

Саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков Бабановдой саясатчыларды сыртта тентитпей, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө иштетүү керек деген ойдо.

— Бабанов келсе, менимче, эч кандай саясий өзгөрүүлөр болбойт. Аны Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаевдей кылып аэропорттон кармап, будалап камап койбойт. Мындай жигиттерди тентитпей, Кыргызстанга келтирип иштетүү керек. Экономиканын өсүшүнө жардамын көрсөтүп, Бабановдой жигиттер келип, элге кызмат кылышы керек. Ал оппозицяны же тескерисинче президентти жактап кетери азырынча ачык эмес.

Буга чейин Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, оппозициянын катарына кошулат деген божомолун айткан. Ал эми саясат таануу илимдеринин доктору Марат Казакбаев Бабановдун азырынча оппозицияга кошула турган маанайы байкала электигин айтат.

— Бүгүнкү күндө Бабанов кайсы бир оппозиция мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө чыкканы белгилүү боло элек. Муну колдогон эли бар, ошол эле Талас облусу. Менин оюмча Өмүрбек Бабанов сөзсүз саясатка аралашышы керек. Буга чейин ал партиядан да чыгып кеткенин билебиз. Бирок бүгүнкү күндө аны партиясы да күтүп жатат.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, Бабановго бийлик менен кызматташуу пайдалуураак. Бирок, бул үчүн бийлик да тиешелүү кадамдарга баруусу зарыл.

— Өмүрбек Бабанов — ишкер, мыкты саясатчы. Азыр бийлик менен иш жасап кетсе, анда бир тараптан Жээнбековдун бийлиги стабилдүү болот. Экинчи тараптан Бабанов креативдүү, эл да колдоп баштайт. Эгерде Атамбаев менен бириксе, анда бийликти «шыпырып» түшүшү керек. Мындай жагдай татаалыраак болот. Менимче, азыр көпчүлүк тынчтыкты каалап турган маал. Ошондуктан бийлик абалды колго албаса, жыйынтык башкача болот.

Кошумчалай кетсек, Саясатчы Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келе турганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал учакка билет сатып алганын, саат 14:50дө Бишкекке конорун жазган.

Exit mobile version