Марал Радиосу

Венесуэла кайрадан жарыксыз калды

Венесуэлада 9-апрелден 10-апрелге караган түнү электр энергиясы кайрадан өчтү. Борбор шаар Каракас электр энергиясыз калды. Мындан сырткары, 23 штаттын 20сы зыян тартты. Венесуэланын Улуттук электр компаниясы Corpoelec азырынча электр энергиясынын тоскоолдукка учурашынын себептерин айта электигин, Deutsche Welle агенттиги билдирди.

Эске салсак, буга чейин 29-мартта, андан мурда 25-мартта электр энергиясы өчүп, Каракас шаарынын тургундары 2 күн караңгылыкта калган болчу.