Марал Радиосу

Болот Отунбаев Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Элчиликтен кабарлашкандай, жолугушуу 8-апрелде болгон.

Болот Отунбаев ушул жылдын 15-январында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Бир эле учурда ал Кыргызстандын Бразилиядагы, Канададагы жана Мексикадагы элчиси кызматын аркалайт.