Марал Радиосу

Курбанбай Искандаров кызматтан кетти

Курбанбай Искандаров Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал өзү кызматтан кетүү боюнча арыз берип, буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Кошумчалай кетсек, Курбанбай Искандаров бул кызматка 2012-жылдын сентябрында дайындалган болчу.