Марал Радиосу

Угарман: Дооронбек Садырбаев көчөсүндөгү тротуар кайда?

Бишкектин Дооронбек Садырбаев (Бах) көчөсү Түштүк магистралдан баштап Чоң-Арыкка чейин капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бирок тротуар жок. Буга нааразы болгон шаар тургуну пикир жазып, «Маралга» кайрылган.

«Саламатсызбы? ТРОТУАР КАНА? 2018-жылда жай бою Дооронбек Садырбаев (Бах) көчөсү Түштүк магистралдан баштап Чоң-Арыкка чейин капиталдык оңдоого жабылып турду. Акыры бүтүрүп, жолду ачканда, жаңы асфальт төшөлгөн, а бирок жолдун эки тарабында тең ТРОТУАР жок. Эмне үчүн? Болбосо, аталган көчө аябай кенен, керек болсо буга төрт тилкелүү авто жол салса болот. Элдин үйү жолдон аябай алыс. Бирок тилекке каршы, огород кылып тосуп алышкан, кээ бирлери дүкөн, кафе ж.б. салып алышкан. Жергиликтүүлөр, окуучулар, ушул сүрөттөгү бала жетелеген адамдар чоң жолдун жээги менен басып жатышат айла жок. Буларды машина сүзүп кетсе ким жооп берет? Качан бир сапаттуу, акыл калчап иштегенди үйрөнөбүз?», — деген суроолуу пикир айтты.