Марал Радиосу

Бишкекте «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо жумалыгы» форуму башталды

Бишкекте «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо жумалыгы» XIV эл аралык конгресс көргөзмө форуму ачылды. Анда 18 өлкөдөн келген 80ден ашык компания ар кандай медициналык өндүрүмдөрдү, техникалык аппараттарды сунушташууда.
Көргөзмө 4 багытта өтөт: 
XIV эл аралык адистештирилген саламаттыкты сактоо көргөзмөсү;
V эл аралык адистештирилген санаторий-курорттук дарылоо жана медициналык туризм көргөзмөсү;
IV эл аралык адистештирилген стоматологиялык көргөзмө;
Ден соолук жарманкеси;
Белгилей кетсек, көргөзмө 9-11-апрелге чейин болот.