Марал Радиосу

Шыкмаматов: Текебаев болгондо, өкмөт 2 ай мурун эле отставкага кетмек

Өмүрбек Текебаев камактан көсөмдүгү артып, такшалып, көп нерсеге көзү жетип чыгат. Азыр парламентте анын жоктугу сезилип турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

— Эмне үчүн оппозиция өз ишинин майын чыгара албай жатат? Анткени, Текебаев жок. Эгер ал болгондо, өкмөт 2 ай мурун отставкага кетмек. Жаңы, жоопкерчиликтүү өкмөт келип иштеп жаткан болмок деп ойлойм.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаевге карата  «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 8 жылга эркинен ажыраткан.