Марал Радиосу

Шыкмаматов: Парламент «таркайбыз» десе колдомокмун

Учурда бийликте тең салмактуулук жок жана Жогорку Кеңеш да «күн карама» бийлик болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал: «Баш мыйзам боюнча парламент өзүнүн демилгеси менен гана таркай алат», — дейт.

-Эгерде азыркы парламент өзүн таркатууну демилгелеп чыкса, колдойт элем. Бирок азыркы депутаттар мындай кадамга барбайт. Мен демилгелеп чыксам да, колдоого алынбайт. Бул аракет жөн гана популисттик кадам сыяктуу кабыл алынып калышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы шайланган. Анын курамында 6 фракция бар.