Марал Радиосу

Баткенде жер силкинди

Баткенде кечээ түнү жер титиреди. Өлкөдөгү сейсмология институтунун билдиришинче, жер силкинүү очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Маалыматка ылайык, силкинүү райондун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө жана Лейлек районунун Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бактыга жараша, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.