Марал Радиосу

Жээнбеков: Чыңалууну бийлик жаратып жатат

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө чыңалуу бар экенин жана аны бийлик жаратып жатканын билдирди.

Анын баамында, чыңалууга мурдагы үзөңгүлөш адамдар бүгүн саясий оппонент катары калыптануусу, алардын бири-бирине ачуу сөздөрдү айтып, аны саясатта аргумент катары пайдалануусу түрткү болуп жатат.

Экинчиден, бийлик алмашкандан бери өлкөдө маанилүү өзгөрүү жок болгондуктан, эл арасында нааразычылыктар бар.

«Жаңы бийлик келген 1 жарым жылда эл ыраазы боло турган реформалар, адамдын турмушун жакшырткан кадамдар жасалган жок. Мамлекетте революция болсо, ал да бийликтин катасынын жыйынтыгы болуп эсептелет. Социалдык-экономикалык көйгөйлөр бийлик кетирген каталардан улам келип чыгат. Бийликте ар дайым саботаж бар, ал азыркы бийликте өзгөчө көп», — дейт Жээнбеков.

Ал буга кошумча, бийликте «паралич» пайда боло баштаганын, президент да, өкмөт башчы да маселелерди чечүүнү жайлатып салганын белгиледи.