Марал Радиосу

Турганбаев: Камактагылар кирпич чыгарып, нан бышырып акча табууда

Кыргызстандагы жаза аткаруу жайларында ар кандай өндүрүштүк цехтер иштей баштады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна билдирди. Анда ал 16-жаза аткаруу колониясында кирпич чыгаруучу цех ачылганын, анда 87 жаран жумуш менен камсыз болгонун айтты.

-Цехте иштеген жаза өтөөчүлөргө маяна төлөнөт. Айына 5 миллион даана кирпич чыгарылат. 1-колониядагы кирпич заводду кайра ишке киргизүү үчүн инвестор таптык. Ал эми айымдардын зонасында 120 адам тигүү цехинде иштеп жатышат.

Андан сырткары 3-жаза өтөөчү жайында нан бышыруучу 5 цех иштеп, Чүй облусундагы бардык жаза өтөөчү жайларды нан менен камсыздап жатканын да белгиледи. 45-бөлүмдө атайын тоок фермасы түзүлүп, Чүй облусундагы жайларды жумуртка менен камсыз кыларын айтты.

Турганбаевдин белгилешинче, алдыда бут кийим чыгаруучу цехти ишке киргизүү планы каралууда.