Марал Радиосу

Президенттин аппараты «Ата-Бейитте» ишембилик өткөрдү

Президенттик аппараттын кызматкерлери бүгүн 6-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Ишембилик Апрель революциясынын 9 жылдыгынын урматына уюштурулган.

Аппарат кызматкерлери Ата-Бейиттин айлана-тегерегин тазалап, арча жана ак кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.