Марал Радиосу

Чек ара кызматы: Аткезчилик кылган Тажикстандын жараны кармалды

Баткенде чек ара мыйзамын бузуп, аткезчилик кылган Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

1986-жылы туулган А. З. аттуу тажик жараны ири көлөмдөгү грек жаңгагы жүктөлгөн «Мерседес» унаасы менен Төрт-Көчө айылы аркылуу кыргыз чек арасына кирүүгө аракеттенген.

Анын жанында товарды тастыктоочу документтер болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулуп, тажик жараны жүгү менен кошо мамлекеттик Бажы кызматынын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.