Марал Радиосу

БШК: Айыл өкмөт башчыларын шайлоо күнүн белгиледи

БШК бир катар айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо күнүн белгиледи. Мындай чечим 5-апрелдеги отурумда кабыл алынганын БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2019-жылдын 24-апрелине дайындады.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Жумгал, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларына  тапшырылды.

Эске сала кетсек, аталган айыл өкмөттөрүнүн буга чейинки башчылары 2019-жылдын 29-мартында өз каалоосу менен кызматынан кетишкен.