Марал Радиосу

Улукбек Кочкоров үч баласы иске ууланган үй-бүлөдөн кабар алды

Бүгүн, 5-апрелде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык «Инсандык жардам» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан аталган үй-бүлөгө 8 ай убакыт аралыгында 18 миң сом ай сайын акчалай колдоо көрсөтүлүп турмакчы.  Аталган каражаттар балдардын тамак-ашына жана батирдин ижарасын төлөөгө жумшалат.

Эске салсак, ушул жылдын 11-февралында Бишкектин четинде жайгашкан «Келечек» конушундагы Рустам үй-бүлөсү менен ижарага алып жашаган үй өрттөнүп, анын кеспетинен 2, 3, 4 жаштагы үч баласы иске ууланган.